ИИО кызматкерлери тынчтыкты орнотуу жаатындагы билимдерин жогорулатышты
Бишкек шаарында, Ош жана Баткен облустарында 26-28-ноябрь күндөрү Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн "Укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоону күчөтүү аркылуу тынчтыкты орнотуу" темасында семинарлар уюштурулган жана өткөрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Семинарлар тынчтыкты орнотуу миссияларына катышуу үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо максатында уюштурулган.
Семинардын аягында катышуучуларга семинардын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу атайын сертификаттар тапшырылды.
Иш-чара Ички иштер министрлиги тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча Бүткүл россиялык институтунун ага окутуучусу милициянын майору В. А. Курамшиндин катышуусу менен уюштурулду.
