Депутат айыл аймактарына кошулган дачалардын тургундары үчүн электр энергиясынын тарифин арзандатууну сунуштады
17 июнь

Депутат айыл аймактарына кошулган дачалардын тургундары үчүн электр энергиясынын тарифин арзандатууну сунуштады

Депутат Элдар Абакиров дачаларда жашаган элдин маселесин көтөрдү. Ал президенттин жаңы кодекске кол койгонун эске салып, бул боюнча тийиштүү иштер эртерээк жүргүзүү керектигин белгиледи. 

“Жакында президент Садыр Жапаров Жер кодексине кол койду. Анда абдан көп өзгөрүүлөр кабыл алынлы, анын бири – дачаларды айыл аймактарга кошуу. Азыр жай, эртең эле кыш келет, токтом чыгышын күтүп отурбай, кышка даярдыкты эмитен башташыбыз керек. 

Дачаларда бир эле трансформатор бар, андан болгон үйдүн баары электр энергиясын алат. Кышка чейин бардык үйгө эсептегичтерди онотуп, жолдорду кеңейтип, бала бакча, мектеп маселесин чечүүнү баштоо керек”, – деди Абакиров. 

Айтымында, бул маселелер боюнча шаар четиндеги дачалардын тургундары кайрылышкан. Алар башка катардагы керектөөчүлөр электр энергиясын 1 сом 37 тыйындан алса, дачанын жашоочулары 1 сом 70 тыйындан алаарын, эми айыл аймагына кошулгандан кийин башка жөнөкөй колдонуучулардай тарифке өткөрүү зарылдыгын белгилешкен. 

Белгилей кетсек, бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сөз болду.