Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо талкууланды
17 июнь

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо талкууланды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркия президентинин башкы кеңешчиси Чагры Эрхан менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 12-июнда Кыргызстанлын Түркиядагы элчилигинде өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоо жана өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Анда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды ишке ашыруу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.