Аты келип, өзү жок. Кеминде куткаруучулар дайынсыз болгон жаранды издөөдө
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча ,аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштери бүгүн башталып, ага жалпы 11 адам тартылган. Издөө аракеттери учурда улантылууда.
Кошумча маалыматтар берилет.
