Кыргызстан биологиялык коопсуздукту күчөтүү үчүн эки жаңы мобилдик лаборатория алды
2025-жылдын 26-ноябрында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын табигый очокторунда иштөө үчүн арналган мобилдик ПЦР/ИФА лабораториясы жана пневмокаркастык лабораторияны тапшыруу аземи өттү.
Жабдуулар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын көп жылдан берки кызматташтыгынын алкагында Россия тараптан берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Роспотребнадзор кызматынын жетекчиси Анна Попова катышты.
Берилген лабораториялар Кыргызстанда бир нече жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан мурдагы беш мобилдик комплексти толуктайт.
Жаңы лабораториялар зарыл жабдуулар менен толук камсыздалып, жетүүгө эң кыйын аймактарда ыкчам диагностика жүргүзүүгө жана эпидкөзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Автошасси негизиндеги талаа мобилдик комплекси жол инфраструктурасы бар шартта алыскы аймактарга жетүүнү камсыздайт, ал эми пневмокаркас лабораториясы бир нече сааттын ичинде жайылып, өзгөчө кооптуу патогендер менен иштөө үчүн керектүү биологиялык коргоонун толук деңгээлин камсыздайт.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө Россия менен кызматташуу стратегиялык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи:
«Россия — биологиялык коопсуздук маселелеринде биздин негизги өнөктөш. Берилген мобилдик лабораториялардын жана биргелешкен долбоорлордун аркасында биз кара тумоонун табигый очокторун натыйжалуу көзөмөлдөп, санитардык-эпидемиологиялык туруктуулукту камсыздап, кандай гана коркунуч болбосун өлкөбүздүн жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп келебиз», — деди министр.
Анна Попова Кыргызстандагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү республикадагы биологиялык коопсуздукту бекемдөөгө салым кошорун белгиледи:
«Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык тобокелдиктер көп, жана ар бир мамлекет коркунучтарды өз алдынча көрө билүүгө тийиш. Бул биологиялык суверенитеттин маанилүү элементи. Бүгүн биз Россияда чыгарылган жогорку технологиялуу мобилдик лабораторияларды тапшыруу аркылуу Кыргызстан менен бирге аны чыңдап жатабыз. Алар өлкөнүн каалаган чекитинде ыкчам иштөөгө, тобокелдиктерди аныктоого жана адамдардын инфекция жуктуруп алуусуна жол бербөөгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.
Анна Попованын айтымында, эпиднадзор жаатындагы биргелешкен иш-аракеттер конкреттүү жыйынтыктарды берүүдө. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын мобилдик лабораториялары кара тумоонун сегиз табигый очогун изилдеп чыгышты. Очоктордун активдешүүсүнө жана коңшу өлкөлөрдө катталган учурларга карабастан, Кыргызстанда эпидемиологиялык жагдайдын татаалдашына жол берилген эмес. Кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири — АИВ инфекциясынын жайылышына каршы туруу бойдон калууда. Россия Федерациясы мурда тапшырган 10 мобилдик клиника 103 миңден ашык адамды текшерүүдөн өткөрдү. Ошондой эле гепатит Внын деңгээлин төмөндөтүү боюнча биргелешкен программа ийгиликтүү жүрүп, Россиядан берилген 700 миңден ашык доза вакцина ооруну үч эсеге кыскартууга жардам берди.
Берилген лабораториялар Россия Федерациясында өндүрүлгөн, керектүү комплекттер менен толук жабдылган жана гарантиялык тейлөө менен камсыздалган. Россия тарап зарыл болгондо техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Тапшыруу аземи эпидемиологиялык коркунучтарга каршы биргелешкен системаны чыңдоонун маанилүү этабы болуп, Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ден соолукту коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатындагы үзгүлтүксүз кызматташтыгын улантты.
