"Менин шаарым" тиркемеси MEGA абоненттери үчүн интернет-баланссыз жеткиликтүү болду
Эми MEGA улуттук уюлдук байланыш операторунун абоненттери «Менин шаарым» тиркемесин интернет-балансы жок болгон учурда дагы колдоно алышат. Бул шаар тургундарына маанилүү муниципалдык кызматтарды ыңгайлуу санарип форматында пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Тиркемеде төмөнкү сервистер жеткиликтүү:
* "Кайрылуулар" – муниципалдык маселелер боюнча арыздарды жана билдирүүлөрдү жөнөтүү;
* "Транспорт" – коомдук транспорттун жайгашкан жерин аныктоо;
* "Эвакуатор" – эвакуацияланган унаалар тууралуу маалымат алуу жана башка сервистер.
Бишкек шаарынын мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын тургундары үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү боюнча иштерин улантууда.
