Казакстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет
21 ноябрь

Казакстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов ушул жылдын 3-4-декабрь күндөрү иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Олжас Бектенов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 12-жыйынына катышат.