Элчи Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору менен жолугушту
2 декабрь

Элчи Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору менен жолугушту

Стамбул шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилешти.

Элчи Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаевдин облуска иш сапары менен келүүгө расмий чакыруу катын тапшырды.

Элчи Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдоган 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары жөнүндө, ошондой эле 6-ноябрда Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) саммити тууралуу айтып берди. Бул контекстте тараптар Кыргызстандын ТМУдагы төрагалыгынын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Казакбаев ошондой эле Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында экономиканы чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда элчи Р.Казакбаев губернатор Д.Гүлгө Стамбул провинциясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.