Акча жана уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалды
17 июнь

Акча жана уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалды

2025-жылдын 15-июнунда 1995-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран Бостери айылынын “Ярмарка” базарынын алдынан 1500 сом акчасын жана “Редми-Нот” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз эки жаран күч колдонуп тартып алгандыгы боюнча милиция кызматкерлерине кабарлаган.

Бул факты боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана Кайгуул күзөт полкунун кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулушкан К.Б. жана Т.у.Э. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Көл РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы тапта бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

ЖКККББгы жарандарды кылмыштардын алдын алуу үчүн этият болууга жана шектүү жагдайлар жаралса, дароо 102 кызматына жана 0777 102 102 ЖКККББнын ишеним номуруна кабарлоого чакырат.