Бишкекте 9-кабаттан эки бала кулап кеткен
Бишкектеги Киев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 9-кабаттан эки бала кулап кеткен. Алардын бирөө төрт, экинчиси беш жашта болгон. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Кырсык бүгүн, 16-мартта болжол менен саат 17:00дө катталган.
Жерине дарыгерлер жана Ленин районду милициясынын тергөө-ыкчам тобу келген.
Каргашалуу окуядан бөбөктөрдүн экөө тең жеринде каза болгон.
Окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
