
Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 914 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 09-июнунан 15-июнуна чейин 914 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 30;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 21;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 130;
- Мыйзамсыз алдыңкы терезелерин карагылатуу – 5;
- Каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү эрежесин бузуу – 108;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 620.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 91 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.