Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4,3 миллион сом зыян келтиргенин аныктады
2 декабрь

Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4,3 миллион сом зыян келтиргенин аныктады

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде табигый кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу максатында курулган объектилеринин сапаты боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаментине жана Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматына 6 прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, алардын негизинде 1 млн 808 миң 427 сом түзгөн мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду.

Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган одоно мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 273-беренеси (Сапаты начар курулуш)  жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иштери козголгон.

Мисалы, Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы дамбаны куруу иштерин жүргүзүүдө Департаменттин жооптуу кызмат адамдары «Э» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тийиштүү иш кагаздарына жалган маалыматтарды киргизүү менен курулуш иштеринин көлөмүн атайылап жогорулатышып, анын натыйжасында мамлекетке 4 330 514 сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал эми кылмыш ишин тергөө учурунда материалдык зыян толугу менен мамлекеттин пайдасына кайтарылган.

Бул багытта иш улантылууда.