КР БШКда талаапкерлердин соттуулугу боюнча маалымат алмашуу маселеси талкууланган жыйын өттү
17 июнь

КР БШКда талаапкерлердин соттуулугу боюнча маалымат алмашуу маселеси талкууланган жыйын өттү

2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Т. Шайназаровдун жетекчилиги алдында БШК тарабынан түзүлгөн ведомствалар аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын жарандарынын соттуулугу жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик органдар арасында маалымат алмашуусун уюштуруу маселелерине арналды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (мындан ары – МТББ), Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин, Президенттин Администрациясынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан электрондук модулдун долбоору сунушталып, талкууланды. Бул модуль мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн жарандардын соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу ишенимдүү маалыматты автоматтык түрдө алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул модулдун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында талапкерлерди каттоо процессинде зарыл болгон маалыматтардын тактыгын жана ачык-айкындуулугун камсыздап, ведомствалар аралык өз ара аракеттенүүнүн ыкчамдуулугун жогорулатат.

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • Жогорку сот бардык төмөнкү инстанциялардын мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери тууралуу маалыматты МТББга берүүнү камсыздайт;
  • Башкы прокуратура жарандарга карата кылмыш иши козголгону жөнүндө маалыматты өз убагында МТББга берүүнү камсыздайт;
  • МТББ БШКга Кыргыз Республикасынын жарандарынын соттуулугу тууралуу жана аларга карата кылмыш иши козголгону жөнүндө маалымат берүүнү камсыздайт.
  • МТББ бир жумалык мөөнөттө БШК, МТББ жана Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси ортосундагы өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашуунун долбоорун макулдашуу жана андан кийинки кол коюу үчүн жөнөтөт.

Бул жетишилген макулдашуулар шайлоо процесси алкагында мамлекеттик органдар арасында маалымат алмашууну натыйжалуу жана өз убагында жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, шайлоолордун ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун жогорулатат.