Бишкектеги «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекеттин менчигине өткөрүлдү
2 декабрь

Бишкектеги «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекеттин менчигине өткөрүлдү

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн мамлекеттик менчикке өткөн Бишкектеги ЖАК «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министр белгилегендей, «Айдан Фарма» жабык акционердик коомунун заводу учурда 95% медициналык этил спиртин өндүрөт жана жакынкы арада калк үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана импортту алмаштыруу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрүн өндүрө баштайт.

«Дары-дармек рыногунун 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргыз Республикасы үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүүнү өнүктүрүү маанилүү», - деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

«Айдан Фарма» жабык акционердик коомуна жаңы директор Өмүрбек Асанов дайындалды, анын жетекчилиги астында заводду модернизациялоо жана жаңы технологияларды киргизүү процессин тездетүү, өндүрүлгөн дары-дармектердин линиясын кеңейтүү, ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда.