
Акылбек Жапаров жана Казакстандын элчиси кызматташтык маселелерин талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 3-4-декабрында Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 12-жыйынына катышуу үчүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун Бишкекке боло турган жумушчу сапарына даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду карашты.