
Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерлери үчүн атайын пункттар ачылууда
Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн атайын пункттар ачылууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бул пункттарда ишкананын кызматкерлери өздөрүнүн жумуш жабдууларын сактай алышат, ошондой эле кыш мезгилинде жылынууга шарт түзүлөт.
Белгилей кетсек, майрам күндөрү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери күнү-түнү иштөөгө туура келет жана бул пункттардан эс алып, тыныга алышат.