Ысык-Көлдө медицина тармагынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы сыналды
2026-жылдын 14–15-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууга улуттук саламаттык сактоо системасынын даярдыгын баалоого багытталган эки күндүк ведомстволор аралык симуляциялык машыгуулар өткөрүлдү.
Машыгуулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, саламаттык сактоо уюмдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Эки күндүн ичинде катышуучулар шарттуу инфекциялык оорунун чыгышына байланыштуу аракеттердин алгоритмдерин, анын ичинде коркунучту эрте аныктоо, ведомстволор аралык координацияны камсыз кылуу, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү, медициналык жардам көрсөтүү, лабораториялык диагностика жана кризистик коммуникация боюнча практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгышты.
Машыгуунун сценарийинде ири эл аралык иш-чаранын жүрүшүндө курч ичеги-карын инфекциясынын шарттуу очогу жана этиологиясы белгисиз оорунун учурлары моделдештирилди.
Практикалык бөлүгү Кырчын жайлоосунда жана Ысык-Көл райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө өткөрүлдү. Машыгуунун жыйынтыгында дебрифинг уюштурулуп, анын жүрүшүндө эксперттер бардык тартылган кызматтардын иш-аракеттерине талдоо жүргүзүп, системанын күчтүү жактарын белгилешти жана мындан аркы өркүндөтүүнү талап кылган багыттарды аныкташты.
«Мындай машыгуулардын негизги артыкчылыгы — системанын даярдыгын кагаз жүзүндө эмес, чыныгы кырдаалга мүмкүн болушунча жакын шарттарда текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүн бардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлине күбө болдук. Ошол эле учурда мындан ары дагы көңүл бурууну талап кылган маселелер аныкталды. Мындай тажрыйба улуттук жооп кайтаруу системасын чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы ар кандай чакырыктарга даярдыкты жогорулатууга өбөлгө түзөт», – деди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гүлбара Ишенапысова.
«Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды толугу менен алдын ала болжолдоо мүмкүн эмес. Бирок аларга алдын ала даярдануу зарыл. Симуляциялык машыгуулар чыныгы кырдаалга мүмкүн болушунча жакын шарттарда координациянын, маалымат алмашуунун жана чечим кабыл алуу механизмдеринин канчалык натыйжалуу иштеп жатканын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин даярдыкты жана жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жогору баалайт. Мындай биргелешкен машыгуулар калктын саламаттыгын коргоого жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө багытталган маанилүү инвестиция болуп саналат», – деп белгиледи Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жанара Бекенова.
Машыгуулардын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, медициналык уюмдардын даярдыгын жогорулатуу, тобокелдиктер боюнча коммуникация системасын өнүктүрүү жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу пландарын актуалдаштыруу боюнча сунуштар даярдалат.
Бул симуляциялык машыгуулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын маанилүү этабы болуп, ошондой эле Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын мүмкүн болгон санитардык-эпидемиологиялык коркунучтарга туруктуулугун чыңдоого багытталган кезектеги кадам болду.
Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин техникалык колдоосу менен Пандемиялык фонддун өлкөлөр аралык өтүнмөсүн ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
