Кант шаарынын мэринин орун басары болуп Улан Кадыров дайындалды
2025-жылдын 8-апрелинде Кант шаарынын мэринин орун басары кызмат ордуна Кадыров Улан Айзабекович дайындалды. Жаңы орун басарды шаар жетекчилигине Кант шаарынын мэри Улан Бекболотович расмий түрдө тааныштырды.
Иш-чарада мэр Улан Бекболотович Улан Кадыровдун тажрыйбасына жана шаарды өнүктүрүүгө кошо турган салымына ишеним артыларын белгилеп өттү. Өз кезегинде Улан Айзабекович жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарууга даяр экенин билдирди.
