Араван районунда эки таза суу скважинасы пайдаланууга берилди
Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагынын Жаштык жана Ак-Босого конуштарында 8-апрелде таза суу скважиналарынын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Жаштык конушундагы пайдаланууга берилген таза суу скважинасына облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн 800 миң сом, жергиликтүү элдин салымынан 1 млн 113 миң сом акча каражаты жумшалган.
Ал эми, Ак-Босого конушундагы таза суу скважинасына Облустук өнүктүрүү фондунан 4 млн 700 миң сом, FSDS өнүктүрүү фондунан 2 млн сом, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджеттинен 400 миң сом жана жергиликтүү элдин салымынан 300 миң сом акча каражаты жумшалган.
