Мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды
Ош областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Араван районунун Тепе-Коргон айылында жайгашкан почтанын имараты жана 0.12 га жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 6 млн. сомдук аталган имарат жана 0.12 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.
