Нарын – Орук-Там жолу кар көчкүдөн тазалып, каттам ачылды
Нарын облусундагы Нарын – Орук-Там унаа жолунун 60-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланды, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 12:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилди.
Азыркы тапта министрликке караштуу №8 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Эске салсак, жолдун жогоруда аталган тилкесине 7-апрелде саат 15:30дар чамасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.
