Кыргызстан Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүгүн баштады
Нью-Йорк шаарында 7-апрелде 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүгүн расмий башталышына байланыштуу БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү.
КР ТИМден кабарлашкандай, кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди.
Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү катары иш алып баруу алкагында Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарын белгилеп, өлкөнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, превентивдүү дипломатияны жана ортомчулукту белгилеп, ошондой эле өнүгүп келе жаткан, Тоолуу, анча өнүкпөгөн жана чакан арал мамлекеттеринин кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана коргоону жактагандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстан куралсыздандыруу жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча аракеттерин улантат деп ишендирди.
Иш-чарага БУУнун жана анын агенттиктеринин өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун 150дөн ашык мүчө-мамлекет катышты. Кабыл алууда коноктор улуттук ашканадан ооз тийип, кыргыз фольклорунун композицияларынан ырахат алышты. Бул нерсе аларга кыргыз элинин бай маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.
БУУнун алдында кабыл алуу Кыргыз Республикасынын глобалдык чакырыктарды чечүүдө маанилүү салым кошууга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишине активдүү катышууга даярдыгын көрсөтүүгө маанилүү иш-чара болду.
