Кыргызстанда акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 6;
- Нарын облусу – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.
