Кыргызстанда катуу жер титиреди. Тактоо иштери жүрүүдө
Кыргызстанда катуу жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 28-мартта болжол менен саат 04:42де коңшу Казакстандын аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.
Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкекте болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин) сезилген.
КР ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.
