Ош облусунун аймагында аймагында рейддик иш-чаралар күчөтүлдү
2 декабрь

Ош облусунун аймагында аймагында рейддик иш-чаралар күчөтүлдү

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине саптык тизим уюштурулуп, кызматка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Алгач мамлекеттик гимн аткарылып, кызматкерлерге бир жума аралыгында облус аймагында катталган кылмыштар жана келген багыттамалар тууралуу маалымат берилди.

Анда соң башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов райондук ички иштер бөлүмдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Нурланбек Бурканов райондук милициянын жетекчилеринин үстүбүздөгү жылды жабуу жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү 2 айлык иш-мерчеминин аткарылышы боюнча баяндамаларын укту.

Кеңешмеде негизинен жер-жерлерде жарандардан түшкөн арыз даттанууларды ыкчам жана жеринде сапаттуу чечүү, катталган кылмыштардын бетин ачуу жана укук бузуулардын алдын алуу маселеси каралып, жетекчилерге тапшырмалар коюлду.

Кызматкерлердин арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча да маселе көтөрүлдү.

Соңунда бардык багыттар боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталган рейддик иш-аракеттерди күчөтүү чечими кабыл алынды.