Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрөт
2 декабрь

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрөт

Бүгүн жаңы чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Ага 51 жепутат катышат, былтыр алардын саны 45 болчу. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине "Жаңы күч" партиясынан 17 депутат, "Эмгектек" - 12, "Адилет" жана "Ынтымак" партияларынан сегизден депутат өттү. 

Эң аз мандат “Эл үмүтүнө” таандык – 6.