Ысык-Көл: Мыйзамсыз курулуштар боюнча 400 000 сом айып пул салынды
15 июль

Ысык-Көл: Мыйзамсыз курулуштар боюнча 400 000 сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарынын Алыбеков көчөсү 136 жана Жусаев көчөсү 198 даректеринде жайгашкан соода жана өндүрүш багытындагы объектилерде шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Алыбеков көчөсү 136 дарегинде жайгашкан балдар дүкөнүндө долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок темир конструкцияларына кошумча курулуш (пристройка) жүргүзүлгөн. Ошондой эле Жусаев көчөсү 198 дарегинде жайгашкан металл кабыл алуу пункту тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды.

Натыйжада жоопту тараптар И.Ж.К. жана М.Б.К карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бирине 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.