Чүй: Инвентаризациялоонун жыйынтыгында 46 мыйзамсыз объект аныкталды
15 июль

Чүй: Инвентаризациялоонун жыйынтыгында 46 мыйзамсыз объект аныкталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Аламүдүн районунун жол боюнда мыйзамсыз жайгашкан тейлөө жана соода объектилерин инвентаризациялоо боюнча комиссия түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Инвентаризациялоо иштеринин алкагында Аламүдүн районунда жалпы 46 мыйзамсыз объект аныкталды. Алардын ичинен 8и капиталдык курулуш объектиси, 22си жеңил конструкциядагы объект, ал эми 16сы жеңил типтеги (павильон) соода объектиси болуп саналат. Ошондой эле аныкталган 46 объекттин бардыгы кызыл сызыктын чегинен чыгып жайгашканы белгиленди.

Учурда комиссия тарабынан Ленин, Байтик-Баатыр, Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Арашан, Таш-Мойнок жана Беш-Күңгөй айылдарында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.