Камчыбек Ташиев: Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди билишибиз керек 
2 декабрь

Камчыбек Ташиев: Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди билишибиз керек 

Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүү керек. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Ташиевдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: 

"Урматтуу мекендештер!

Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты «Кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче кыргыздар айтат бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы деп». Мен айттым «Кыргыз деген сөз, кырылгыз, түгөнгсүз анан Кыргыз деп аталып калган деп».

Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби биз кыргыздар өзүбүз Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп-билип алышыбыз керек. Ар бир Кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек, бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура тушундуруп берет деген ойдомун".