Елена Тен: «Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчү — аман калган адам өмүрлөрү болушу керек»
7 август

Елена Тен: «Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчү — аман калган адам өмүрлөрү болушу керек»

«Жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы секторлор аралык өз ара аракеттенүү: БУУнун эл аралык милдеттенмелеринен улуттук аракеттерге карай» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Коомдук саламаттык сактоо боюнча улуттук институттун улук илимий кызматкери Елена Тен Кыргыз Республикасындагы жол-транспорттук жаракат алуунун абалы боюнча талдоо жүргүзүп, бул багыттагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө жыл сайын орточо эсеп менен 6–7 миң жол-транспорт кырсыгы катталат. Алардын болжол менен 10 пайызы адам өлүмү менен аяктайт, бул дагы деле жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Каза болгондордун жаш курактык түзүмү өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү эмгекке жарамдуу курактагы эркектер арасында — 20 жаштан 24 жашка чейинкилерде, андан кийин 40 жаш чамасындагы жарандарда, ошондой эле улгайган адамдар арасында катталат. Бул жол-транспорттук жаракат алуу адам капиталын жоготууга алып келип, калктын экономикалык жактан эң активдүү бөлүгүнө таасирин тийгизип жатканын билдирет.

«Жол-транспорттук жаракат алуу — бул медициналык гана көйгөй эмес. Бул коомдук саламаттык сактоо, экономика жана социалдык чөйрө үчүн олуттуу чакырык. Статистиканын ар бир көрсөткүчүнүн артында адам өмүрлөрү, жоготулган жылдар, багуучусуз калган үй-бүлөлөр жана мамлекет үчүн олуттуу экономикалык жоготуулар турат», — деп белгиледи Елена Тен.

Ал оор жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттери шашылыш медициналык жардам көрсөтүү менен гана чектелбей турганын белгиледи. Жабыркагандар көп учурда узак мөөнөттүү дарылоого, реабилитацияга жана туруктуу камкордукка муктаж болушат. Бул майыптыкка алып келип, үй-бүлөлөрдүн кирешесинин азайышына жана саламаттык сактоо системасына, ошондой эле мамлекеттик бюджетке түшкөн жүктүн көбөйүшүнө себеп болот.

Коомдук саламаттык сактоо боюнча улуттук институт тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, Бишкек шаарында гана беш жылдык мезгил ичинде жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен болгон мезгилсиз өлүмдөр 16 миңден ашуун потенциалдуу өмүр жылын жоготууга алып келген, ал эми түз экономикалык зыян болжол менен 14,7 млн АКШ долларын түзгөн. Мында эң чоң жоготуулар эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин өлүмү менен байланыштуу.

Эксперт Саламаттык сактоо министрлиги жол-транспорт кырсыгынан кийин жардам көрсөтүүгө багытталган басымдуу реактивдүү моделден алдын алууга жана эпидемиологиялык көзөмөлгө негизделген проактивдүү ыкмага өтүүнү көздөп жатканын белгиледи.

Бул үчүн жол-транспорт кырсыктарына байланыштуу өлүм, жаракат алуу жана майыптык боюнча маалыматтарды эсепке алуунун бирдиктүү ведомстволор аралык системасын түзүү, ошондой эле тобокелдик факторлорун талдоонун жана көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоонун заманбап механизмдерин киргизүү сунушталууда.

«Биздин иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү өткөрүлгөн иш-чаралардын саны эмес, сактап калынган адам өмүрлөрүнүн жана алдын алынган оор жол-транспорт кырсыктарынын саны болушу керек. Дал ушундай ыкма жол-транспорттук жаракат алуунун алдын алуунун заманбап системасын түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп баса белгиледи Елена Тен.

Анын айтымында, мындан аркы иштин негизги багыттары катары коопсуз жол инфраструктурасын, өзгөчө билим берүү мекемелеринин айланасында өнүктүрүү, коопсуздук курун жана коргоочу каскаларды колдонууну жогорулатуу, жол-транспорт кырсыгынан кийинки «алтын саат» ичинде медициналык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган учурларда сөзсүз жоопкерчиликке тартуу принцибин камсыз кылуу белгиленди.