Караколдогу тарыхый музейде реконструкция иштери жүрүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында тарыхый музейде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон кабарлашкандай, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Реконструкция иштерин Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, реставрация иштерин жогорку деңгээлде аткаруу жана бардык иштерди графикке ылайык өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Учурда объектте ички жана сырткы жасалгалоо, инженердик тармактарды жаңылоо иштери улантылууда.
Бүгүнкү күнгө карата демонтаж, чатырды оңдоо, терезелерди орнотуу, пол конструкцияларын бекемдөө жана сырткы көрктөндүрүү иштеринин негизги этаптары аяктап, электр монтаждоо, жасалгалоо жана инженердик системаларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат.
