Кыргызстандын паспорту дүйнөдө 77-орунду ээледи
Кыргызстан 2026-жылга карата жаңыланган Henley Passport Index рейтингинде 77-орунду ээледи.
Берилген маалыматтарга ылайык, кыргызстандык паспорт ээлери 59 өлкөгө алдын ала виза албай же келгенден кийин уруксат алуу аркылуу бара алышат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку позицияны Казакстан ээлеп, 63-орунга жайгашты. Анын жарандары 77 багытка визасыз же жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кире алышат.
Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн арасында экинчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Өзбекстан – 78-орун (58 өлкө), Тажикстан – 84-орун (52 өлкө) жана Түркмөнстан – 90-орун (44 өлкө) жайгашкан.
Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду Сингапур сактап калды. Анын жарандары 192 өлкөгө эркин кире алышат.
Экинчи орунду Япония, Түштүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттары бөлүштү. Бул өлкөлөрдүн паспорттору 188 мамлекетке жол ачат.
Үчүнчү сапта Швеция турат – 187 багыт.
АКШ 180 өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгү менен 10-орунда, Украина 142 багыт менен 31-орунда, Грузия 121 багыт менен 44-орунда, Молдова 120 багыт менен 45-орунда жайгашкан.
Рейтингдин акыркы саптарында Сирия – 103-орун (25 өлкө) жана Ооганстан – 104-орун (22 багыт) турат.
Ошол эле учурда берилген материалдарда Россиянын орду боюнча айырмачылык бар. Инфографикада 50-орун көрсөтүлсө, тексттик тизмеде 47-орун деп берилген. Эки учурда тең жеткиликтүү өлкөлөрдүн саны 114тү түзөт.
Henley Passport Index паспортторду алардын ээлери алдын ала виза албастан бара ала турган өлкөлөрдүн саны боюнча баалайт.
