Кыргызстанда бир жылда жол кырсыгынан 900дөн ашуун адам каза болду
«Жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы секторлор аралык өз ара аракеттенүү: БУУнун эл аралык милдеттенмелеринен улуттук аракеттерге чейин» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын начальниги, милициянын подполковниги Бахрам Сайтходжаев жол кыргысыгынан улам болгон өлүмдөрдү жана жаракат алууну азайтууга комплекстүү мамиле кылуунун зарылдыгына көңүл бурду.
Анын айтымында, жол-транспорт кырсыктарынан болгон жаракат алуу Кыргызстан үчүн да, бүткүл дүйнө коомчулугу үчүн да эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы республикада 8 миңден ашык жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900дөн ашуун адам каза болгон, 12 миңден ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында 121и балдар болсо, дагы 2 миңден ашуун бала жабыркаган.
ИИМдин өкүлү оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарынын негизги себептери өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи. Алардын арасында ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоодо кетирилген каталар, транспорт каражатын мас абалында башкаруу, каршы тилкеге чыгуу жана рулда уктап калуу сыяктуу факторлор бар. Жол-транспорт кырсыктарына катышкандардын басымдуу бөлүгүн 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар түзөт.
Бахрам Сайтходжаев транспорттун жаңы түрлөрүнүн өнүгүшү мыйзамдарды өркүндөтүүнү талап кылганын да белгиледи. Ушуга байланыштуу транспорт каражаттарынын айрым категорияларын пайдаланууну жөнгө салган тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, анын ичинде ушул жылдын сентябрь айынан тартып күчүнө кире турган А жана А1 категориялары киргизилген.
ИИМдин өкүлү жол-транспорт кырсыктарынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, көп учурда кырсыкка күбө болгон адамдардын туура эмес аракеттери жабырлануучунун абалын оорлотуп коюшу мүмкүн.
«Биз биринчи жардам көрсөтүү маданиятын кичинекей кезден тартып калыптандырышыбыз керек. Мектеп окуучуларын биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздерине, жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү көндүмдөрүнө жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүгө үйрөтүү зарыл. Бул көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Бахрам Сайтходжаев.
Сөзүнүн соңунда ал жол кыймылынын коопсуздугу маселелери ведомстволор аралык туруктуу өз ара аракеттенүүнү жана калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кыларын белгиледи.
«Мындай аянтчалар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу керек. Ар бир жаран жолдордогу коопсуздук үчүн өз жоопкерчилигин түшүнүшү абдан маанилүү. Мындан адамдардын өмүрү жана өлкөбүздүн келечеги көз каранды», — деди ИИМдин өкүлү.
