Кыргызстан жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүдө
7 август

Кыргызстан жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүдө

Бүгүн, 2026-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте уюштурган «Жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы секторлор аралык өз ара аракеттенүү: БУУнун эл аралык милдеттенмелеринен улуттук аракеттерге карай» аттуу тегерек столго катышты. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып министр бүгүнкү күндө жол кыймылынын коопсуздугу транспорттук саясаттын алкагынан кыйла чыгып, коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланганын белгиледи.

Өзгөчө көңүл кыргыз делегациясынын 20–21-июль күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынына катышуусунун жыйынтыктарына бурулду. Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттер Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерин ырасташты. Ага ылайык, 2030-жылга чейин жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун жана жабыркагандардын санын эки эсеге кыскартуу каралган. Кыргыз Республикасы жогорку деңгээлдеги жыйындын тең төрагаларынын бири болуп, даярдалган Саясий декларация БУУга мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү тарабынан колдоого алынды.

«Жол-транспорт кырсыктарынан болгон травматизм — бул жол кыймылынын коопсуздугуна гана байланыштуу көйгөй эмес. Бул саламаттык сактоо системасы үчүн олуттуу чакырык болуп саналат жана бардык мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн макулдашылган аракеттерин талап кылат. Биздин милдет — жабыркагандардын өмүрүн өз убагында сактап калуу менен гана чектелбестен, алдын алуу, ыкчам чара көрүү жана медициналык реабилитациялоонун натыйжалуу системасын түзүү», — деп баса белгиледи саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

Тегерек столдун жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин мындан аркы ишинин артыкчылыктуу багыттары сунушталды. Алардын катарында тез медициналык жардам кызматын модернизациялоо, ири жол-транспорт кырсыктарына жооп кайтаруу системасын өркүндөтүү, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жол-транспорт кырсыктарынан болгон травматизмдин бирдиктүү реестрин түзүү, медициналык реабилитацияны өнүктүрүү, ошондой эле тез жардам кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик чечимдерди киргизүү белгиленди.

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын туруктуу координатору Антье Граве жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттин, коомдун жана жол кыймылынын ар бир катышуучусунун жалпы жоопкерчилиги экенин белгиледи. Анын айтымында, жолдордогу өлүмдөрдүн жана оор жаракаттардын көпчүлүгүнүн алдын алууга болот. Ал эми өлүмдөрдүн санын азайтуу үчүн саясий эрк менен гана чектелбестен, бардык мамлекеттик институттардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун тыгыз кызматташуусу зарыл.

«Кайсы чаралар чындап натыйжалуу экенин биз билебиз. Бүгүнкү күндө бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирип, бул чечимдердин иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылуу маанилүү. Жол кыймылынын коопсуздугу — ар бирибиздин жалпы жоопкерчилигибиз», — деп баса белгиледи Антье Граве.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар жолдордогу өлүмдөрдүн жана травматизмдин деңгээлин төмөндөтүүгө, тез медициналык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүүгө жана жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы улуттук максаттарга жетишүүгө багытталган ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.