Кыргызстанга 42 даана алтын буюмду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан
«Манас» бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган алтындан жасалган зер буюмдарды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.
Түркиянын авиакаттам аркылуу «П.» ЖЧКнын дарегине келген жүктү бажылык кароо учурунда элдик керектөө товарларынын арасынан жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн 42 даана алтын буюм табылган.
Андан ары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган буюмдардын алуучусу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги аныкталып, ал буюмдарды Түркиядан жеке колдонуу үчүн ортомчу аркылуу сатып алып, карго кызматы аркылуу жеткиргендиги белгилүү болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган кылмыштын белгилери аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран мамлекетке келтирилген зыянды эки эселенген өлчөмдө — 408 276 сомду ыктыярдуу түрдө төлөп берген.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин эскертмесине ылайык, бажы төлөмдөрү жана туумдар эки эселенген өлчөмдө толук төлөнгөн учурда, адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Ушуга байланыштуу кылмыш ишин козгоого негиздер аныкталган эмес.
