Кыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 август

Кыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-августундагы № 145 “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин “Салык салуу системасын жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Документ Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги боштуктарды жана карама-каршылыктарды четтетүүгө, ошондой эле ишкердик иш жүргүзүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорунун негизги ченемдери:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

1) Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн 5 жылдык мөөнөткө бирдиктүү салыктын ставкасы “0” пайыз өлчөмүндө белгиленди.

2) кызмат көрсөтүүчү субъекттер үчүн төлөө формасына карабастан бирдиктүү салыктын төмөнкүдөй ставкалары белгиленди:

– сауна жана мончолор үчүн – 5 пайыз;

– коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн:

· Бишкек жана Ош шаарларында – 5 пайыз. Кыргыз Республикасынын калган аймактарында – 3 пайыз.

Аталган ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3) Аванстардан салык төлөө боюнча ченем жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттерге карата белгиленген, ал эми калган бардык категориялар үчүн бул ченем 2026-жылдын 1-январынан тартып алынып салынды.

4) жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөө формасына карабастан 4 пайыз өлчөмүндө белгиленди.

5) 2026-жыл үчүн салыктык милдеттенмелерди автоматтык түрдө түзүүнүн натыйжасында эсептелген кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдар эсептелбейт.

6) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүгө 2026-жылдын 1-октябрына чейин салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан өз ыктыяры менен чыгып, жалпы салык режимине өтүү укугу берилди.

7) субъекттерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин товарлардын калдыктарын легалдаштыруу боюнча өнөктүктүн алкагында ашыкча легалдаштырылган товарларды түзөтүү укугу берилди.

8) Алтын жана күмүш боюнча тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканалардын кирешелерине салыктын ставкасы эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды.

9) транзакцияга салык режиминин аныктамасы такталды жана аны колдонуу чөйрөсү кеңейтилди.

10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулууга тийиш болгон эсеп-фактуранын милдеттүү маалым даректеринин тизмеги бекитилет. Мында салыктык эсепке алуу жана контролдоо максаттары үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарды гана чагылдыруу каралууда.

11) үчүнчү өлкөлөрдөн жеке жактар сатып алган товарлар менен электрондук соода жүргүзүүдө уюмдарды башкаруу боюнча функциялар Салык кызматынын органдарына өткөрүлүп берилет.

2. Эсептен чыгаруу боюнча ченемдер:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (ири жана майда мүйүздүү малды) экспорттоодо (сатууда) 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн пайда болгон салык калдыгынын суммасынын 97 пайызы, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 пайызы салык төлөөчү салык калдыгынын 3 пайызын төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

2) көмүр казып алуу ишин жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн эсептелген салык санкциялары жана эсептелген туумдар, алар 2026-жылдын 31-декабрына чейин салык калдыгынын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

3. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр:

– карыздарды эсептен чыгаруу боюнча мурдагы өнөктүктөр үчүн туумдарды эсептен чыгаруу боюнча ченем киргизилди;

– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин, ошондой эле транзакцияга салык боюнча субъекттердин товарларынын товарлардын калдыктарын 2026-жылдын 31-декабрына чейин каттоого чейин колдонулуучу режимге ылайык жана ставкалар боюнча сатууга укук берилди.

4. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинен товарларды ташуу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоо жөнүндө ченем алып салынды жана дифференцияланган айыптар белгиленди.

5. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинде салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун, эсептердин формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү укугу Салык кызматынын органдарына берилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык отчеттуулугунун формалары Салык кызматынын органдары тарабынан белгиленет.

Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин ашыкча төлөнгөн салыктык эмес кирешелердин суммасын, ошондой эле туумдарды салык төлөөчүнүн/төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгаруу жөнүндө ченем киргизилүүдө. Ушундай эле ченем салыктар боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде камтылган.