2025-жылы Кыргызстандын Россияга товарларды экспорттоо көлөмү $738,5 млн түздү
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 август

2025-жылы Кыргызстандын Россияга товарларды экспорттоо көлөмү $738,5 млн түздү

Улуттук статистика комитети Кыргызстандан Россия Федерациясына экспорттолгон товарлардын динамикасы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына товарларды экспорттоо көлөмү 738,5 млн АКШ долларын түздү. 2021-жылга салыштырмалуу (бул көрсөткүч 393,3 млн АКШ долларын түзгөн) экспорттун көлөмү 87,8 пайызга, же 345,2 млн АКШ долларына өстү.

Кыргыз Республикасынын жалпы экспорттук көлөмүндөгү Россия Федерациясынын үлүшү да жогорулады — 2021-жылдагы 14,3 пайыздан 2025-жылы 24,4 пайызга чейин, же 10,1 пайыздык пунктка өстү.