Жалал-Абад облусунда 5,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 август

Жалал-Абад облусунда 5,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул тилкеде жалпы 12 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Анын ичинен 6,5 чакырымы 2025-жылы пайдаланууга берилсе, быйыл калган 5,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Натыйжада пландалган 12 чакырым жол толугу менен асфальт-бетон жабуусу менен камсыздалды.

Жолдун жаңыланышы транспорттук байланышты жакшыртып, жүк жана жүргүнчү ташууну жеңилдетет.

Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө улантылууда.