Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштады
КР СӨП
7 август

Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштады

​Кыргыз-Орус Ишкерлер кеңешинин жыйынында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн негизги шарттарын атап, маркетплейстердин тобокелдиктерин азайтуу чечимин сунуштады.

Ал соода жүргүзүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады.

​Биринчиси —бюрократия жана регламенттер: Маркировкалоо жана техникалык регламенттердеги айырмачылыктар ишкерлерди текшерүүлөрдөн кайрадан өтүүгө мажбурлоодо.

Экинчиси — чек арадагы кечигүүлөр: Макулдашылбаган санитардык контроль жана узун кезектер тез бузулуучу товарлардын сапатын жоготууга алып келүүдө.

Үчүнчүсү — мМаркетплейстердин тобокелдиктери: Россиядагы Wildberries логистикалык борборлорундагы өрт кырсыктары кыргызстандык өндүрүүчүлөргө түз зыян келтирүүдө.

Темир Сариев Wildberries жана башка ири маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагында жайгаштырууну сунуштады.

​«Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек», — деп белгиледи Палата башчысы.