Бишкекте алимент төлөй албай калган жаранга жумуш табууга жардам берилди
Сот аткаруучулар кызматынын кайрылуусунун негизинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алимент төлөөчү жаранды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаранга бош жумуш орундарын сунуштоо боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада ал Бишкек шаарындагы «Бишкек Парк» соода борборунун күзөт кызматына жумушка орношкон.
Белгилей кетсек, жумушсуздук алимент төлөө боюнча мыйзамда белгиленген милдеттен бошотпойт. Ошол эле учурда Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуу аркылуу жумуш издеген жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзөт.
Мындай кызматташуу сот чечимдеринин өз убагында аткарылышына өбөлгө түзүп, балдардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
