Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 160 км аралыгы тосулду
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик чек араны тосуу жана көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Кеңешмеге облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев баштаган облустун күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик тосмолор менен жабдуу иштеринин жүрүшү, чек аранын коопсуздугун чыңдоо, мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.
Жыйындын алкагында чек ара тилкесинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, инженердик тосмолорду орнотуу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, быйыл башталган чек ара тилкесине зым тосмолорун тартуу иштеринин алкагында, 6-августка карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 160 км 558 метр аралыгы тосулду.
