Чүй облустук филиалы ОСАГО боюнча күнү-түнү, 24/7 режиминде иштей баштады
Жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Чүй облустук филиалы Бишкек шаары, Абай көчөсү 40 дарегинде күнү-түнү, 24/7 режиминде иштей баштады. Эми жарандар иш күндөрү болобу, дем алыш же майрам күндөрүбү каалаган убакта келип, ОСАГО боюнча камсыздандыруу полисин мыйзамдуу түрдө ала алышат.
Эске сала кетсек, мындай форматтагы тейлөө Бишкек жана Ош шаарларында ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат:
- Бишкек шаарында Москва көчөсү 71 дарегиндеги филиал күнү-түнү иштеп, шаардыктарга үзгүлтүксүз тейлөө көрсөтүүдө.
- Ош шаарында Касымбеков көчөсү 30 дарегинде, шаардык Унаа мекемесинин имаратында, жарандар ОСАГО боюнча полисти 24/7 режиминде ала алышат.
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму калкты сапаттуу, ачык жана үзгүлтүксүз тейлөө менен камсыз кылууну улантат. ОСАГО боюнча маалымат алуу жана полис алуу үчүн жарандар аймактык кеңселерге кайрылса болот.
