«Ош-Тазалык» ишканасынын жаңы суу алуучу станциясы ачылды
Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө 27-мартта «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасынын жаңы суу алуучу түйүнү оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп ишке берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери катышты. Бул жерден ишкананын жолго суу сээп, тазалоочу атайын техникалары суу алышат.
Айдоочулар үчүн керектүү болгон бардык зарыл шарттар түзүлүп, айланасы көрктөндүрүлүп, сырткы көрүнүшү жасалып, асфальт басылган.
Эске салсак, бул жер буга чейин каралбай турган. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эртең мененки рейд учурунда бул бош, ээси жок жерди “Ош-Тазалык” ишканасынын балансына өткөрүп берип, кыска убакыт аралыгында көрктөндүрүп, иретке келтирүү тапшырмасын берген соң 15 күн ичинде толук оңдолуп, пайдаланууга берилди.
