КР президенти: Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун БУУга бериш керек
Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна бериш керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, санкцияларды киргизүү чечимдери Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жана Коопсуздук Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек.
"Эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун мүмкүн болгон жалгыз жолу – мына ушул. Биринчи кезекте, Уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүүбүз керек.
Санкциялар боюнча демилгелерди алдын ала карап чыгуу - алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет", - деди ал.
Жапаров сунушталган механизмдин маанилүү элементи ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуш керектигин айтты.
"Санкцияларды демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, мындай чаралардын зарылдыгын, алардын максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин жана шарттарын так көрсөтүүлөрү керек.
Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайыктуу деп эсептейм", - деп, ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейе тургандыгын баса белгиледи.
Президент Жапаровдун пикиринде ошондой эле санкцияларды кайсы бир өлкө башка бир өлкөгө каршы өзүнүн саясий же экономикалык пайдасы үчүн өзүм билемдик менен колдонуу коркунучу жоголот.
"Ар бир мамлекет өзүм билемдик кылбашы керек. БУУ күчтүү болуш керек. БУУ санкция салат дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп туруш керек. Мына ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт.
Антпесе БУУнун кээ бир чечимдерин эч ким тоготпой калды. Ар ким өз билгенин кылып жатат. БУУнун ар бир чечими дароо аткарылышы керек. Аткарылбаса ал өлкө менен бир дагы өлкө кызматташпай койсо, санкциянын таасири артат. Мына ошондо гана баардык чечимдер дароо аткарылат, БУУ күчтүү жана барктуу уюм болот. Антпесе азыркы санкциялар баланын оюнчугундай эле нерсе болуп калды", - деди ал.
