Такыр-Көл көлүнөн коркунуч жаралган аймактарда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди
28 июнь

Такыр-Көл көлүнөн коркунуч жаралган аймактарда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

Такыр-Көл көлүнөн коркунуч жаралган аймактарда 28-июнда акимдин тескемесинин негизинде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, көл жээктен ашып, коркунуч жараткан Алмалуу айылына РЭТтен (Райондук электр тармактары) 16 кызматкер тартылып, жогору тарабында электр мамычаларынын түбүн бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), райондук ӨК бөлүмүнөн 24 кызматкер, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, райондук Жарандык коргонуу кызматынан 22 кызматкер, ИИМден 28 кызматкер, 7 атайын техника, айыл аймактан 19 кызматкер, 2 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жалпы 114 адам, 14 техника даярдыкта турат.

Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Горная-Серафимовка, Нижняя Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Ошондой эле Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн суу дарбазасын каптап кетүү коркунучун жараткан.