Садыр Жапаров АКШнын президентине НПОлорду каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылык билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

Садыр Жапаров АКШнын президентине НПОлорду каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып, санкция маселесине өзүнчө токтолду.

Анын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө санкциялар айрым өлкөлөр тарабынан эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат.

"Негизсиз бир тараптуу киргизилген санкциялардын терс таасири жаңыдан бутуна туруп келе жаткан биз сыяктуу чакан өлкөлөргө дагы тийип жаткандыгы башка чакан өлкөлөрдү дагы тынчсыздандырып жатат. Кээ бир учурларда мындай көрүнүштөр көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө алып келип, эл аралык укуктун негизги принциптерине каршы келип жатат", - деди ал.

Жапаровдун айтымында, айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда.

"Учурдан пайдаланып ушул багытта кесиптешим Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка бийликке келгенде саясий чечим менен дүйнө жүзү боюнча НПОлорду каржылоону токтоткондугун белгилей кетейин. Жыйынтыгында өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ички ишине жана саясатына НПОлордун кийлигишүүсү дээрлик токтоду.

Трамптын чечимдери мамлекеттердин суверендүүлүгүн жана өз алдынча өнүгүү жолун тандоого шарт түздү. Ошондуктан бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Трамп мырзага НПОлорду каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетейин", - деди ал.