Кыргызстан көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн алкагында медиаторлук ишти аткарууга даяр — Жапаров
Кыргызстан көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн алкагында медиаторлук ишти аткарууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы былтыркы жылы эл аралык коомчулук Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдык маарекесин белгилегендигин эске салды.
"Ошентип, бул дүйнөлүк уникалдуу түзүм 80 жылдан бери тынчтыктын, коопсуздуктун жана өнүгүүнүн сакчылыгында турат. Уюмубуз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн бириктирип, эл аралык кызматташтыктын эң негизги аянтчасы катары кызмат кылып келсе дагы, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында согуштар жана чыңалуулар сакталууда.
Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө болуп жаткан согуш аракеттери жана гуманитардык кризистер, анын ичинде Украина, Иран, Судан жана Палестинанын айланасындагы окуялар учурдагы эл аралык процесстердин татаалдыгын көрсөтүп турат жана баарыбыздан тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара аракеттерди талап кылат", - деди ал.
Жапаров Кыргызстан – диалогдун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкө экендигин баса белгиледи.
"Биздин өлкө көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн алкагында медиаторлук ишти аткарууга даярбыз. Акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттер аралык татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн дүйнө жүзүнө так көрсөтө алдык.
Учурда Борбор Азия мамлекеттер аралык конструктивдүү кызматташтыктын, экономикалык, инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүнүн үлгүсү болууда. Ушуга байланыштуу бул жолду басып өтүүдөгү топтолгон тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз", - деди президент.
