КР ТИМ “Электрондук консул” маалыматтык системасынын сайтын ишке киргизди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында "Электрондук консул" маалыматтык системасынын веб-сайты – https://e-consul.gov.kg/
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, сайт аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкү маалыматтарды ала алышат:
∙ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмеси;
∙ паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат;
∙ Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтар.
Сайт ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет: визаларды тариздөө, паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча маселелер, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аспектилери.
Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет.
Консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди:
1. электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу;
2. мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.
Кененирээк маалыматты веб-сайт https://e-consul.gov.
