Ош шаарында Раззаков көчөсүнө удаа жайгашкан жаңы жол ачылат
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейддик кыдыруусу бүгүн И.Раззаков көчөсүнө жанаша жайгашкан темир жол көчөсүндө уланды (болжол Шарк айылы).
Кыдыруу учурунда шаар башчысы бул көчө ачылса, Артыков көчөсүнөн И.Раззаков көчөсү аркылуу каттаган унаа каттамы үчүн альтернативдүү жолдордун бири болоорун билдирди.
Тиешелүү кызматтарга жолду ачууга даярдык көрүү, мыйзамсыз курулуштардан бошотуу тапшырмасын берди.
