Баткен облусу менен ЕККУнун ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланды
8 апрель

Баткен облусу менен ЕККУнун ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланды

КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов бүгүн, 8-апрелде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Айбек Шаменов өз сөзүндө ЕККУ Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи. 

«Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө биз үчүн маанилүү», – деген Шаменов Баткен облусуна көрсөткөн консультациялык жана техникалык колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, айлана чөйрөнү коргоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун арттыруу, чакан жана орто бизнес жаатында кызматташууларды мындан ары да өнүктүрүү маселелерин сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, аталган уюмдун колдоосу менен буга чейин Баткен шаарында консалтинг борбору ачылган. Борбор Баткен облусундагы ишкерлерге бизнес, каржы жана салык маселелери боюнча консультацияларды, ошондой эле юридикалык жардам жана SMM боюнча консультацияларды берип, жигердүү ишин улантууда.

Тараптар мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүү менен Баткен облусунда көрүнүктүү натыйжаларга жетишүүнү макулдашты.